Жалал-Абадда Жазаларды аткаруу кызматынын 70 кызматкери батирлүү болду

Кыргыз Республикасынын премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын 70 кызматкерине Жалал-Абад шаарындагы жаңы батирлердин ачкычын тапшырды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Иш-чарада Мухаммедкалый Абылгазиев сөзгө чыгып, «Биз силердин ишиңер оор экенин билебиз. Бирок кайсы бир учурга чейин силердин ишмердүүлүгүңөргө тиешелүү деңгээлде көңүл бурулбай келди. Азыр көпчүлүгү өзгөрдү, силер да батирге жеттиңер. Ар бир үй-бүлө күткөн жакшы саамалык куттуу болсун, чын жүрөктөн куттуктайм», - деди. «Бул иш-чара Аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылынын алкагында жасалып жатат. Жазаларды аткаруу кызматында иштегендер үчүн бейтапкана ачылды, эркинен ажыратуу жайларында өнөр жай ишмердүүлүгүн жандандыруу боюнча пландар бар. Биз кызматкерлердин ишин жеңилдетүүнү каалайбыз», - деди өкмөт башчы. Ошондой эле премьер-министр үйдүн короосундагы балдар аянтчасын жабдуу үчүн 100 миң сом тапшырды.

Белгилей кетсек, Жазаларды аткаруу кызматында иштегендер үчүн 5 кабат үй 2017-жылы май айында салынып баштаган. Анда бир жана эки бөлмөлүү 70 батир бар.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Jaznura
2019-12-19 20:30:20
Кут болсун
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан