Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Ширин Айтматованын күйөөсү УКМК кызматкерлери тарабынан кармалган. Учурда ИИМ тергөө амалдарын объективдүү иликтөө жана мыйзамдын талаптарын сактоо менен С.Кенжебаевдин кылмышка катыштыгын аныктоо үчүн, тергөө кызматынын өндүрүшүнө алынган.
"Бишкек шаарынын жашоочусу Виктор Гавришев "Вечерний Бишкек" интернет сайты аркылуу президентке жана Башкы прокурорго кайрылган. Анда анын уулуна жана дагы башка адамдарга 2013-жылы Бишкек ШИИББинин тергөөчүсү У.Баялиев, Орусиянын жараны С.Богданова жана Ширин Айтматованын жолдошу С.Кенжебаев менен биргеликте, мыйзамсыз кылмыш ишин козгошкон деп кайрылып, ага карата чара көрүшүн талап кылган.
2013-жылдын 11-ноябрында Башкы прокуратура Егор Гавришев аттуу жаран менен тергөөдө аныкталбаган адамдар 2012-жылдын январь айынан 2013-жылдын февраль айына чейинки аралыкта Кыргыз Республикасына баасы 808 миң 932 долларды түзгөн, жалпысынан 810 даана спутник телефондорун, 20 миллион 245 миң 909 сомдук бажы төлөмдөрүн төлөбөстөн, алып келишкен. Айтылган факты Кылмыш-жаза кодексинин 304-беренеси "кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" жана "шалаакылык" беренеси менен кылмыш иши козголгон. Кылмыш ишинин тергөө амалдарын объективдүү жүргүзүү үчүн ИИМдин тергөө кызматына кылмыш иши тапшырылган. 2013-жылдын 13-сентябрында Орусиянын жараны С.Богданова "Иридим", "Эксполлер", "Сателейт Кит", маркаларындагы 810 спутник телефондорун алып киргизишкендигин туурасында жүктүн документтерин көрсөткөн.
2013-жылдын 17-декабрында Егор Гавришевдин жүргөн жери аныкталып, ага карата айыбы сырттан угузулган жана кылмыш иши өзүнчө өндүрүшкө бөлүнүп алынган. 2019-жылдын 19-февралында Е.Гавришев «Манас» аэропортунан кармалып, ага шектүү катары билдирүү тапшырылган. Ошол эле күнү Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту үй камагына чыгарган. Азыркы күндө тергөө амалдарын объективдүү жүргүзүү жана мыйзамдардын талаптарын сактоо менен чечим кабыл алуу үчүн кылмыш иши ИИМдин тергөө кызматына өндүрүшкө алынып тиешелүү иш-чаралар жүргүзүлүүдө", - деп жазылат маалыматта.