Чүйдүн Ысык-Ата районунда бейбаштыкка шектелген жаран кармалды. Ал чала таанышынын үйүнө барып, анын меймандарынын бирине бычак шилтеген. Чүй ОИИББинин маалымат кызматы тарабынан белгилүү болгондой, шектүү делинген жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
"Аламүдүн районунун 39 жаштагы Д.А. аттуу тургуну милицияга арыз менен кайрылган. Арыздануучу Марс деген чала таанышы анын үйүнө кирип барып, отурган коноктордун бирине бычак шилтеп, ага кол көтөргөнүн айткан.
Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине "бейбаштык" беренеси менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылган. Ысык-Ата райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери шектүү делинген 57 жаштагы Т.М`ны кармап, ал убактылуу кармоочу жайга киргизилди", - дейт маалымат кызматынан.
Учурда тергөө амалдары улантылып жатканын кошумчалады басма сөз кызматынан.