Бишкектин Арча-Бешик конушунда 57 жаштагы жаранды бычактап кетти. Шектүү катары 35 жаштагы киши изделүүдө

Бүгүн, 21-декабрда Бишкектин Арча-Бешик конушунда үрөй учурган окуя болду. Анда белгисиз жаран бир кишини бычактап кеткендиги айтылды. Бишкек ШИИББинин маалымат кызматынан бул маалыматты тастыктап, окуя тууралуу билдирүү нөөмөт бөлүмгө саат 15:13тө түшкөнүн билдирди.

"Нөөмөт бөлүмгө Арча-Бешик конушундагы үйлөрдүн жанында бычактан жаракат алган адам жаткандыгы тууралуу маалымат келип түштү. Жерине Ленин РИИБинин ыкчам тергөө тобу барып жаракат алган жарандын каза болгондугун аныкташты.

Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 130-берене (адам өлтүрүү) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылды. Бардык тиешелүү соттук-медициналык экспертизалар дайындалды.

Тергөө амалдарынын жүрүшүндө маркум 1962-жылы туулган К.Ш. экени аныкталды. Ал эми кылмышка шектүү М.К. 1984-жылы туулган жаран экени белгилүү болду. Учурда тергөө улантылып, шектүүнүн жүргөн жерин аныктоо боюнча иштер жүргүзүлүп жатат", - деди басма сөз кызматынан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Aituwas
2019-12-22 00:23:44
Мууздап кетти деп журот го башка сайттарда ....
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан