Ирландиялык мушкер Конор Макгрегор менен америкалык мушкер Дональд Серроненин беттешине деген билеттер 1 сутка ичинде сатылып кетти. Бул тууралуу UFC`нин президенти Дана Уайт билдиргенин чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, 2020-жылдын 18-январында Лас-Вегаста орун ала турган мелдештин билеттери сатыкка коюлган күнү эле түгөнүп калган. Жалпысынан билеттен чогулган акча 10 миллион долларды түзгөнү айтылды. Билеттин баасы 200 доллардан башталып, 1500 долларга чейин сатылган. Учурда аренада бош орун калбай калган, премиум класстагы орундар бар.
Буга чейин билеттерди сатуу боюнча рекордду UFC 205 жасаган. Анда билеттерди сатуудан 17 миллион 700 миң доллар чогултулган. Ал эми UFC 229да, тагыраагы, Конор Макгрегор менен Хабиб Нурмагомедовдун беттешинен 17 миллион 200 миң доллар чогултулган.