Турмуш куруу максатында 19 жаштагы кызды ала качкан жаран кармалды

Бишкекте 19 жаштагы кызды ала качып кеткен жарандын үстүнөн арыз түшүп, ал милиция кызматкерлери тарабынан кармалды. Бишкек ШИИББинин маалымат кызматынан билдиргендей, окуя 19-декабрда болгон.

"Ленин РИИБине 19-декабрда С.К. аттуу 19 жаштагы шаар тургуну арыз менен кайрылган. Арыздануучунун айтымында, Тыналиев көчөсүндөгү үйдүн короосунан белгисиз адамдар аны ала качуу максатында Дэу Нексия үлгүсүндөгү унаага салып кетишкен.

Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 175-берене менен катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.

Ыкчам тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө шектүү катары 22 жаштагы Ч.Д. Сокулук районунан кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Тергөө иштери улантылып жатат", - деп билдирет маалымат кызматынан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
Sajakat14
2019-12-23 19:18:08
Мырк, манкурт.
0
souza.j
2019-12-23 20:23:53
Оой чыгарып койгула жигитти. Салт да бул. Ала качпаса кыздар кара далы болушат.
-5
Stark.T
2019-12-24 12:44:11
souza.j,мээн менее тооктукундай
+3
souza.j
2019-12-24 17:32:26
Stark.T,мээнуулу сен апанан сурачы кантип келген экен.
-1
Patoshik1
2019-12-23 20:33:11
Камаш керек Адам урдады деген берене менен.Же болбосо айып пул 200000 сом. Бироону урдаганга эч кимдин акысы жок!!! Угуп койгула жакшылап!!!
+2
salamat93
2019-12-24 10:53:16
Ала качпай суйлошуп алалы
+4
Arseana
2019-12-24 14:39:09
Жаш жигиттин тагдырына балта чаппай эскертуу берип коё берип эле коюшса. Эми кайра кайталабаса керек.
-3
akmanai
2019-12-25 06:07:27
Баланын тагдыр да кыздын тагдыры тагдыр эмеспи эмне?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан