УКМКнын коррупцияга каршы күрөшүү кызматы 15 миң доллар пара берген чет элдик компаниянын кызматкерин кармады. Бул тууралуу аталган кызматтан билдиришти.
Маалыматка ылайык, аталган кызматкерге "пара берүү" беренеси менен кылмыш иши козголгон. Анда мамлекеттин кызыкчылыгына каршы келген техникалык долбоорго байланыштуу маселени оң жагына чечип берүү үчүн жер казынасына көзөмөл кылчу адамга берилген. Учурда териштирүү иштери жүрүүдө.