Ырчы Мирбек Атабековдун "Ала-Тоо" аянтында кар күрөп иштеп жаткан "Тазалык" ишканасынын кызматкерлерине ырдап берген видеосу тарады.
Анда ырчы өзүнүн аткаруусундагы "Мөлмөлүм" ырын ырдап, кызматкерлер бийлеп жатканын көрүүгө болот.
"Кереметтүү кыштын көз ирмеми. Ырыбыз да сонун, ырчыбыз да сонун. Рахмат Мирбек мырза "Тазалык" сизди сыйлайт", - деп жазган Бишкек мэриясы.