Жалал-Абад облусунун Аксы районунда 5 жашар кыздын зордукталганы тууралуу жергиликтүү маалымат каражаттары жазып чыгышкан. Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин маалымат кызматынан бул малымат такталбаганын кабарлашты.
"Соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгы боюнча, жашы жете элек кызга карата зордуктоо болбогондугу аныкталды. Учурда 5 жаштагы кыз өз үйүндө ата-энесинин көзөмөлүндө", - деп билдирет маалымат кызматынан.
Окуя 20-декабрда Кум айылында орун алган. Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматы Мазар айылынын 1980-жылы туулган А.Ш.К. аттуу тургуну 5 жаштагы кызга ата-энесинин жоктугунан пайдаланып, ыплас иш-аракеттерди жасаганга аракет кылган деп билдирген. Сексуалдык мүнөздөгү иш-аракет жасаган жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилген.