Каракчылык кылып жүргөн чет өлкөлүк кылмыштуу топтун бети ачылды. Бул тууралуу Ош ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 20-ноябрдан 21-ноябрга караган түнү болжол менен саат 01:00 чамасында, Өзгөн районунун Куршаб айылынын тургунунун үйүнө белгисиз жарандар киришкен. Алар бет кап кийип, үй-бүлөнүн ээсине зомбулук көрсөтүшкөн. Андан соң ага бычак такап, акча талап кылышкан.
"Алар үйдөн 17 миң сом акча, алтын чынжырча менен шакек жана үй-бүлө мүчөлөрүнүн бардык телефондорун алып, короодо токтоп турган Хонда СРВ үлгүсүндөгү унааны айдап, белгисиз тарапка качып кетишкен. Натыйжада жабырлануучу жаракат алып, үй-бүлө материалдык зыянга учураган. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине "каракчылык" беренеси менен катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.
Ош ОИИБинин кызматкерлери жүргүзгөн иш-чаралардын негизинде, Өзбекстан Республикасынын 26 жаштагы жараны В.А. кармалган. Ал учурда убактылуу кармоочу жайга киргизилип, далил катары уурдалган буюмдар алынган. Ал эми бул кылмышка тиешеси бар башка шектүү жарандарды кармоо боюнча ыкчам иш-чаралар жүргүзүлүүдө", - деп билдирет басма сөз кызматынан.