Чүйдүн Аламүдүн районунда жубайлардын ортосунда чыккан чыр өлүм менен аяктады. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 24-декабрь күнү Аламүдүн РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө Беш-Күңгөй айылында жайгашкан аскердик госпиталга аял киши бычактан алган жарааты менен келип түшкөнү боюнча кабарланган.
Бул маалымат боюнча окуя болгон жерге ыкчам тергөө тобу барып, жабырлануучу 24 жаштагы Ы.П. аттуу келин экенин аныкташкан. Ал алган жараатынан улам ооруканада каза болгон. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, "адам өлтүрүү" беренеси менен сотко чейинки өндүрүшкө алынган.
Ошол эле күнү саат 21:20 чамасында Арашан айылдык ооруканасына бычактан жаракат алган эркек киши келип түшкөн. Алдын ала маалыматтар боюнча, ал өзүнө өзү бычак сайган. Ыкчам топ аталган жерге барып, ал 28 жаштагы Ч.Р. аттуу жаран экенин аныкташкан. Сотко чейинки өндүрүштө бул каза болгон келин менен эркек киши жубайлар болгонун аныкташкан. Алар 3 жылдан бери чогуу жашап, 2 баланы тарбиялап келишкен. Окуя болгон күнү күйөөсү менен аялы уруша кетишип, күйөөсү аялын бычактап, андан соң өзүнө бычак сайганы белгилүү болгон.
Учурда бул факты боюнча териштирүү иштери жүрүүдө.