Бүгүн, 25-декабрда "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында президент Сооронбай Жээнбеков журналисттерге жыл жыйынтыктоочу маалымат жыйынын берет.
SUPER.KG порталы маалымат жыйындан онлайн иретинде тексттик трансляция жүргүзөт.
Маалымат жыйынга келген журналисттер үчүн фуршет уюштурулду.
Сый тамакка президент Сооронбай Жээнбеков да катышып жатат.
Бул ирет маалымат жыйын 3 саат 10 мүнөткө созулду. Анын жарым саатында президент даярдап келген сөзүн окуп берди. Бир катар журналисттер суроосун берүүгө жетишпей калды. Анын катарында SUPER.KG порталы менен "Супер-Инфо" гезитинин кабарчылары да бар.
Соңунда Сооронбай Жээнбеков журналисттер менен ар тараптуу тыгыз иштешерин айтып, иш-чара жыйынтыкталды
Сооронбай Жээнбековго маалымат жыйындын аягында дагы бир президенттик мөөнөткө баруусу тууралуу суроо берилди. Суроонун аягына чейин укпай эле президент аны токтотууга шашты. "Бүтүргүлө. Бир мөөнөт эле жетиштүү", - деди.
"Азаттыктын" иликтөөсүндө бажыдагы аткезчилик чийиндердин башында турган деп айтылган Хабибулла Абдукадырдын президентке тааныштыгы тууралуу суроо узатылды. "Ал киши сиздин инаугурацияңызда бир туугандарыңыздын арасында, жакын адамыңыз катары отурду. Ал адам сизге ким болот?" деди журналист.
"Мен буга чейин да Хабибулла боюнча айтканмын. Инаугурацияны уюштуруу маселелерин мурдагы президенттин аппараты уюштурган. Мен бул кишини тааныйм, Ошто губернатор болуп турганда дос облустардын өкүлдөрү менен бизнес-форум өткөргөнбүз, ошондо ал Кызыл-Суу автономиялык облустан келген. Ошондон улам таанышпыз, мен инвестор тартуу аракеттеринде жүргөндүктөн көп кишини тааныйм. Бизге инвестор керек, бирок ал менен эч кандай мамилем жок. Биз сырттан инвестор алып келмейинче өнүгө албайбыз. Мага Хабибулла Абдукадырды жабыштыргылары келет, ал жабышпайт мага. Ата-энеме рахмат, менин ниетим таза", - деди президент.
"Мен президенттик кызматка келгенде көп саясатчылар түрмөдө эле. Аларды чыгаруу боюнча маселелерди тынбай коюп жатышты. Кээ бири соттун чечими менен чыкты. Садыр Жапаров боюнча сотко мындай кыл деп айтсам туура эмес болот, мыйзамдын негизинде чечүү керек. Азыр бул маселе каралып жатат. Арыз берилиптир. Кийин дагы угасыңар", - деди.
Президентке бир тууган иниси Асылбек Жээнбеков жана кудасы Алиярбек Абжалиев кийинки парламенттик шайлоого катышабы деген өңүттө суроо берилди.
Ага мамлекет башчысы кыска эле "өздөрү чечишет" деп жооп берди. "Ар бир адам өзү чечет. Бул боюнча сүйлөшө элекмин. Мен эч кимди мажбурлай албайм", - деди.
Сооронбай Жээнбеков: "Кыргыз өлкөсүнүн тарыхында элдин арасынан суурулуп чыгып, алдыда болуп, өз оюн элге жагабы-жакпайбы дебей айтып жүргөн кишилерди билем. Ушундайларды сыйлайм. Элдик кишилер.
Азимбек Бекназаровго элчилик кызматты мен өзүм сунуштадым. Тышкы иштер министрлигинин күнөөсү жок. Ал кишинин элге жасаган эмгегин эске алдым. Ал жакта жакшы иштеп берет деп ишенем. Бекназаров тарыхый адам, ал ким болбосун чындыкты бетке айтат. Оор күндөрдү баштан өткөрдү, 2 революциянын башында тургандардын бири", - деди.
"Албетте, Атамбаевдин тагдырына көңүл кош карабайм. Оор жылдарда чогуу болгонбуз. Бул маселе оңой эмес. Мен президент болгондон бери Атамбаевге бир да сөз айткан жокмун. Анткени мамлекеттин бүтүндүгү, элдин ынтымагы бийик турат. Ал кандай сөз айтса да көңүл бурган жокмун, өзүңөр көрдүңөр, эмне деген гана сөздөр айтылып жатты. Мен токтойт го деп күттүм, бирок ал мени да, мамлекетти да туңгуюкка алып келип салды. Эми калганын сот чечет, чечимдерге карата бир нерсе дей албайм. Ачыгын айтканда, мен жеке адамдардын эмес, мамлекеттин кызыкчылыгын коргогонго өттүм.
Менин алдыдагы күнүм кандай болот бир Кудайдын колунда. Күндө жакшы иш кыла берсе, келечек жакшы болот", - деди мамлекет башчысы.
Сооронбай Жээнбеков: "Билим берүү тармагын жакшыртабыз десек мугалимдерге шарт түзүү керек. Мугалимдердин айлыгын 30 пайызга көбөйтүү биринчи гана кадам. Кыргыз өлкөсүндө эң көп айлык алгандар булар мугалимдер болушу керек. Буюрса, мындан ары да көтөрүлөт. Менин мугалимдердин айлыгын көтөрөм деген убадам бар, буюрса, аны ишке ашырам", - деди.
"Мигранттар маселеси - абдан оор маселе. 700 миң Кыргыз жараны эле Орусияда жүрөт. Эмне үчүн калк мигрант болуп кетип жатат деп анализ кылганда, адегенде эле тоолуу райондордон жумуштун жоктугунан кеткендиги белгилүү. Ошол жерде өндүрүлгөн продукциялар кайра иштетилбей жатат, ишканалар жок, ошондон улам алар кетип жатат. Муну жоюу үчүн аймактарда чакан жана орто бизнестерди ачып, аларды жумуш орундары менен камсыздообуз керек. Ошондо өлкөдөн кеткен мигранттар кайтып келет", - деди президент.
"Кыргыз-Кытай кызматташтыгы боюнча быйыл абдан жакшы жыл болду. Сиздер билесиздер Кытайга барып келдим, саммиттер өттү, анын биринде Кытай Эл Республикасынын башчысы да келди. Анда 7 миллиарддын тегерегиндеги келишимдерге кол коюлду. Кытай биздин коңшубуз, коңшулар менен жакшы мамиледе болууга аракет кылабыз. Биздин чоң долбоорлорду каржылоодо Кытай көп жардам берүүдө. Ар тараптан мамиле жакшырууда деп айта алам", - деди Жээнбеков.
Кыргыз мамлекеттик музейдеги көргөзмөдөгү кыздардын чечингендиги боюнча: "Бул туура эмес көрүнүш болду. Аял бул эне, анын өзүнүн жолдору бар, чечингени жакшы эмес көрүнүш. Бул аялзатын кемсинтүү жана мазактоо.
Мен башка иш-чара менен музейге барып Мира Жангарачева менен жолугуп, музейдин абалын көрдүм, оңдоп-түзөө иштери жүрө элек. Бул жаатта да иштер жүрүшү керек", - деди мамлекет башчысы.
"Бажы системи боюнча эл аралык масштабдагы маселеге айланды. Менин азыр аракетим - бул коррупцияны жоё албасам дагы, аны кыскартуу, азайтуу жолуна түшүп жатам.
Бажы тармагы Кыргыз өлкөсүндө эле эмес, башка өлкөлөрдө деле киреше алып келген тармак болуп саналат. Ал жерде чоң акча айланат, чоң акча бар жерде коррупция да бар. Бизде да бажы тармагында коррупция бар. Айтып жатам, кээде чакырып алып сөгүп жатам.
Бажы кызматы 1990-жылдардан бери май талкандуу жана коррупцияга баткандардын уюгу болуп келген. Ар бир президенттин тушунда өзүнүн "кошелёгу" же "капчыгы" болгон. Менин максатым - бажыда болобу, же башкада болобу ошол "капчыктарды" жок кылуу. Менде "кошелёгу" да, "капчыгы" да жок.
Ошол мага чейинки жылдардагы коррупционерлер саясий технологдор менен Райымбек Матраимовду коррупциянын символу кылып, мага жабыштырууга аракет кылып жатышат. Азыр атайын тергөө тобу түзүлдү, иш жүрүүдө. Айтылган сөз юридикалык жактан бекемделиши керек. Андан кийин иш башталат.
Райымбек Матраимов мен президенттик кызматка келгенге чейин Бажы кызматынын төрагасынын орун басары кызматынан кеткен. Бирок бизде ким президент болсо, ошол ал иштин мөөнөтүнө карабай жооп берет. Мен ошол коррупция жоюлсун деп электрондоштурууга өтүп жатам", - деди президент.
"Шайлоо кандай болот деп көп эле суроо беришет. Мен айтам, шайлоо калыс болот деп. Эми шайлоо алдында ага аттангандардын баары аракет кылышат, болгон мүмкүнчүлүктөрүн жумшашат. Бирок шайлоону мыйзам чегинде, калыс өткөргөнгө толук аракет кылам.
Мисалы, мен КСДП аркылуу келгем, бул эң ири партиялардын бири, азыр бул партиянын абалын көрүп, мурунку партиялаштарымды көрүп, жүрөгүм ооруйт. Алар мага "кандай кылабыз, эмне кылабыз?" деп келип жатышат. Мен аларга өзүңөр кыймылдагыла, аракет кылгыла деп айтып жатам. Кепилдик берем калыс өтөрүнө. Аны убакыт да көрсөтөт. Ал эми 9 же 3 пайыздык ченемдер боюнча парламентте чогуу чечилиши керек. Азыр пайыздык ченди айта албайм", - деди президент.
Массалык маалымат каражаттарынын эркиндиги боюнча Жээнбеков: "Биздикиндей эркиндик көп мамлекетте болбосо керек, каалагандай айтып-жазып жатасыңар. Менин аппаратымдан бирөөңө бир киши жаздыбы, тигини кыл, муну кыл деп. Шайлоо алдында бир жолу мени радикалдуу экстремист деген сыяктуу макала чыгарышканда укугумду коргоп кайрылгам, бирок журналист кайра мага келип түшүндүргөндө арызымды кайтарып алгам. Сөз эркиндиги абдан чоң жоопкерчилик, аны сезе жана көтөрө билүү керек. Маалымат каражаттарынын эркин болушун колдойм жана коргойм", - деди.
"Күндө Баткенге чалып чек арадагы абалды сурап турам. Өзбекстан менен чек ара маселеси жакшы чечилүүдө. 85 пайызы чечилип калган, 2 тарап тез-тезден жолугуп жатышат, бул Шавкат Мирзийоевдин да чоң аракетинен улам. Азыр Өзбекстан менен 5-6 чечиле элек жер бар.
Тажикстан менен жыйынтык болбой жатат, ачыгын айтышыбыз керек. Эмомали Рахмон менен бир нече жолу бул боюнча сүйлөшкөнбүз, биз сүйлөшүү менен талаш жерлерди чечкенге даярбыз. Бул боюнча иш жүрүп жатат, иш ордунан жылды. Бирок чынында биз каалагандай жүрбөй жатат. Чек ара маселесине этият мамиле жасашыбыз керек. Мен күндө чек ара менен иштейм. Кээде кызуу кандуу адамдар бар, кызуу кандуулукка алдыргандар да бар", - деди президент.
Сооронбай Жээнбеков: "Коррупция менен күрөш тандалма жүрүп жатат, репрессия болууда деген сөздөр айтылууда, угуп жатам. Тандалма жүргөн жок. 2018-жылы Коопсуздук кеңешинин жыйынында коррупцияга каршы катуу сындарды айткам. Бир топ тапшырмалар берилген. Январь айында Коопсуздук кеңешинин жыйынында жыйынтык чыгарабыз.
Коррупция менен күрөш оңой эмес, кыйын экенин билчүмүн. Мынчалык кыйын экенин бүгүн жон терим менен сезип жатам. Мага деле кыйын. Күрөшүү үчүн команда керек. Бир эле ЖЭБ эмес, башка тармакта деле күрөш жүрүүдө. Коррупцияга каршы күрөшүү кызматына айылдардын деңгээлине түшпөгүлө, жогорку деңгээлдеги коррупция менен күрөшкүлө дедим. Күрөш токтобойт, жыйынтыктар дагы болот", - деди.
Жээнбековго маалыматты кайсы булактан алары тууралуу суроо берилди. "Мен бардык маалымат каражаттарын көрүүгө аракет кылам. Бирок убактым болбосо, терс көрүнүштөр боюнча чагылдырылган берүүлөр тууралуу аппараттагылар сөзсүз жеткиришет", - деди.
Президент Бишкек шаарындагы аба жана экология боюнча берилген суроого: "Экология чынында актуалдуу болуп келе жатат. Айрыкча кыш мезгилинде курч болууда. Бул ички миграцияга байланыштуу. Анткени аймактардан Бишкекке жана анын тегерегине келип жатышат. Алардын көбү көмүр жагат, ошондон чыккан зыяндуу заттар абаны булгап жатат. 2009-жылы 200 миң унаа болсо, азыр 361 миң унаа бар, ушул унаанын көбөйгөнү да таасир берүүдө. Дагы бир жагдай курулуштардын айынан шамалдын жакшы жүрбөшү. Ушул жагдайларды чечүү керек, бак-даракты көбөйтүп, электромобилдик унааларды алуу зарыл. Бишкектин четиндеги бардык конуштарды газга өткөрүшүбүз керек", - деп жооп берди.
"Өмүрбек Бабанов чоң саясатта, чоң бизнесте жүргөн. Партия лидерлигин жакында өткөрүп бериптир. Президенттик шайлоодо мага башкы атаандаш болгон. Кийин бир кандай себептер менен өлкөдөн чыгып кетти. Ал окуяда менин атымды аралаштырууга аракет кылышты. Бабановдун таржымалы чоң саясат менен чоң бизнестин кызыкчылыктарынын аралашып кеткендигинин эң чоң үлгүсү.
Кылмыш иштери боюнча тергөө жүрүп жатат. Чындыгы бар болсо, чындыгын көрсөтсүн, актансын. Мүмкүнчүлүк түзүлдү.
25 суроону азыр мен берген туура эмес. Тергөө берет, менин билишимче, ар кандай иштер бар дейт, муну эми убакыт көрсөтөт", - деди президент.
"Ташкентте өткөн иш-чарада суу боюнча маселени көтөрдүм. Биз үч мамлекетке суу беребиз. Ким канча суу алса, Кыргыз өлкөсүндө жайгашкан гидротехникалык курулмаларга кеткен чыгымдарды төлөө маселесин койдум. Оң жагына чечилиши керек. Маселени түшүнүү менен кабыл алышты. Макул болушту", - деди өлкө башчы.
Президент маалымат жыйынын саат 11:00дө баштаган. Аткарылган иштер тууралуу айтып берүүгө жарым сааттык убакыт кетти.
Кезек журналисттер чыдамсыздык менен күткөн суроо узатууга келип жетти.
Мамлекет башчысы коррупцияга каршы күрөшүү боюнча жасап жаткан аракеттерине токтолду. Салык жоболорун фискалдаштыруу, бажы өткөрмөлөрүн электрондоштуруунун баары коррупцияны жоюуга багытталганын айтат. Санариптештирүү менен коррупцияны жок кылуу үчүн 200 миллион сом бөлүнгөн.
"Коопсуз шаар" ишке киргенден бери жол кырсыктарынын саны 40 пайызга азайды. Бул долбоорду башка шаарларга да жайылтуу аракеттери жүрүүдө. "Коопсуз шаарды" ишке киргизүүдө бир топ тоскоолдуктар болгон эле", - деди Жээнбеков.
"Мен театрларды барып көрүп келдим. Чынында маданий объекттердин абалы оңдоого муктаж. Буюрса, кийинки жылдан тартып бул багытта да иштер жүрөт", - деди мамлекет башчысы.
Ошондой эле президент өз сөзүндө, берген убадасын эске салды.
"Талапкер кезимде таза суу көйгөйүн чечүүгө убада бергем. Менин мөөнөтүм бүткөнчө өлкөнүн аймагынын дээрлик баары таза суу менен камсыз болот", - деди Жээнбеков.
Президент Сооронбай Жээнбеков айыл аймактар үчүн жасалган иштерди айтууда. Айтымында, 2 жыл аралыгында бул багытта бир топ алгылыктуу иштер жасалган.
"Эки жыл ичинде бир кыйла иштер болду. Мен аларга токтолуп кетейин. Региондорду өнүктүрүү үчүн бардык шарттар түзүлдү. Элет жериндеги элдин жашоо шартын жакшыртып, элдин мигрант болуп кетишин азайтуу муктаждыгы келип чыккан. Чек ара аймагынан да көчүп кеткендердин саны көбөйгөн болчу. Мындан улам айылдардагы долбоорлорго бөлүнгөн каражаттардын көлөмү көбөйтүлдү. Насыялык саясат айыл элине карата багытталып, жакшыртылды. 38 миллиард сом жеңилдетилген насыялар айыл жергесиндегилерге берилди, алардын пайыздык алымы төмөндөтүлдү. 600гө жакын ири жана орто ишканалар ачылды. 4 ирригациялык ири объект курулду", - дейт ал.
Президент Сооронбай Жээнбеков айтылган убакытка так маалымат жыйынга келди.
Президенттин маалымат жыйыны жылына бир эле жолу болгону үчүн медиа өкүлдөрү күткөн окуялардын сап башында турат. Андыктан, редакциялар буга тыкыр даярдык көрүп, ар бир журналист суроо берүүгө аракет жасайт.
Алмазбек Атамбаев президент болуп турганда мындай маалымат жыйындарда кезекке туруу аркылуу журналисттер тарабынан суроо узатылчу. Бирок бул жолу да өткөн жылдагыдай журналисттер ордунан кол көтөрүп, кимге суроо берүүгө уруксат берилсе, ошол бере турган болууда.
Президенттин маалымат жыйынына 200гө жакын медиа өкүлдөрү катталды. Алардын арасында чет өлкөлүк маалымат каражаттарынын өкүлдөрү да бар. Ушул тапта журналисттер маалымат жыйын өтүүчү жайга жайгашууда.
Жыйын саат 11:00дө башталарын президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмүнөн билдиришти.