Орусияда издөөдө жүргөн Кыргыз жарандары кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, ИИМдин криминалдык милиция кызматкерлери Кыргыз өлкөсүндө кылмыш жасаган жарандарды издөө үчүн Орусияга барышкан.
Ыкчам жүргүзүлгөн иштердин натыйжасында адам өлтүрүү, опузалап талап кылуу, уурулук жана бейбаштык фактылары боюнча изделип жаткан 22 жаранды аныкташкан. Алардын ичинен 10у Орусияда жазасын өтөп жатканы аныкталган.
Аты-жөнү аныкталган жарандар:
"адам өлтүрүү" 1986-жылы туулган С.М. жана 1984-жылы туулган М.И.
"каракчылык" 1978-жылы туулган А.А.
"опузалап талап кылуу" 1990-жылы туулган А.Н.
"уурулук" 1994-жылы туулган У.Э.
"унаа уурдоо" 1979-жылы туулган Б.Б.
"бейбаштык" 1987-жылы туулган С.К. жана 1985-жылы туулган А.К.
"абактан качып кетүү" 1978-жылы туулган Т.А. жана 1984-жылы туулган Б.А.
Орусияда убактылуу кармоочу жайга кармалгандар: Алар жакынкы күндөрү экстрадицияланышат.
"каракчылык" 1983-жылы туулган А.С. менен 1990-жылы туулган Ж.О.
"ден соолукка зыян келтирүү" 1995-жылы туулган Э.Б.
"уурулук" 1965-жылы туулган Д.А. менен 1999-жылы туулган М.Э.
"алдамчылык" 1967-жылы туулган Р.Г., 1976-жылы туулган А.А., 1985-жылы туулган М.А., 1975-жылы туулган А.Д. жана 1990-жылы туулган Э.Ж.
Ошондой эле оор кылмыш жасап, издөөдө жүргөн эки Кыргыз жараны Орусияда каза болгону аныкталган.