Жалал-Абад облусунда жаңы төрөлгөн ымыркайдын жансыз денеси табылды. Мындай маалымат социалдык тармактарга тарап жатат. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматына кайрылганыбызда маалыматты тастыктап, буларды билдиришти.
"26-декабрь күнү болжол менен саат 17:00 чамаларында Кочкор-Ата шаарынын автобекетинин жанында жаңы төрөлгөн ымыркайдын жансыз денеси баштыкка салынган абалда табылган", - дешти.
Бул окуя Ноокен РИИБинде Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, териштирүү иштери жүрүп жатат.