"Ата Мекен" фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматов мандатын тапшыра турганын билдирди

"Ата Мекен" фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматов мандатын тапшырат. Бул тууралуу бүгүн, 27-декабрда SUPER.KG порталына өзү билдирди.

Ал "Ата Мекен" партиясынан чыгып жатканын дагы айтты. Шыкмаматов партиянын лидери Өмүрбек Текебаев менен болгон пикир келишпестиктен улам ушундай чечимге келгенин айтты. Ал партиядан кетүүгө мажбур экенин кошумчалады.

“Ата Мекен” партиясы күчтүү, чыдамкай, партияга берилген адамдардан турат. Мен партиянын ар бир активдүү мүчөсүн билем. Алар ак ниет, кайраттуу, керт башынын камын ойлобогон адамдар. Мен социалисттердин катарында 15 жыл жүрдүм. Саясатчы катары “Ата Мекендин” туусунун алдында өстүм. Партиянын лидери Өмүрбек Текебаевди жана партиядагы санаалаштарымды сыйлайм. Текебаев тарыхый инсан, тажрыйбалуу мыйзам жаратуучу, төрт тарабы төп келген лидер, саясий комбинациялардын чебери, идеялардын генератору. Ал - саясий күрөштө мыкты оюнчу. Мен андан көп нерсени үйрөндүм. Бул үчүн ага ыраазымын. Бирок менин катам - бул "өзүңө бирөөнү пир тутпа" деген жашоонун башкы осуятын бузганым болду. Текебаев менен пикир келишпестик жаралгандан улам “Ата Мекен” партиясынан чыгууга жана мандатымды тапшырууга мажбурмун. Андай пикир келишпестикти түшүмө да кирет деп ойлогон эмесмин. Мен үчүн карьерадан ар-намыс бийик турат”, - дейт Шыкмаматов.

Ал партиядан гана чыкканын айтып, саясатта кала турганын кошумчалады. “Мен конструктивдүү саясий күчтөр менен биригем”, - дейт Шыкмаматов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан