"Супер сулуу-2012" сынагынын катышуучулары финалдык бөлүккө даярдык көрүшүүдө. Финалдык бөлүк 7-8-декабрда Спорт Ордосунда өтөт. Катышуучулар ал учурда чыгыш бийи, дефиле сыяктуу көрсөтүүлөрдү көрсөтүп, калыстардын сынынан өтүшмөкчү. Эске салсак, жеңишке жетишкен сулуу кыш айларында ысык өлкөлөрдүн бирине эс алууга жолдомо алмакчы.