Бүгүн, 27-декабрь күнү эртең менен Алматы - Нур-Султан багытында учкан учак кулап түшкөн. Жаракат алгандардын бири 1983-жылы туулган К.М. аттуу Кыргыз жараны экени такталды. Учурда мекендешибиздин абалы канааттандырарлык экенин Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматынан кабарлады.
"Кыргыз өлкөсүнүн Алматы шаарындагы башкы консулдугунун кызматкерлери жаракат алган мекендешибиздин абалы менен таанышып келди. Ал Алматы шаарындагы №1 оорукананын травматология бөлүмүндө дарыланууда. Бейтаптын абалы канааттандырарлык деп бааланууда", - деди басма сөз кызматынан.
Белгилүү болгондой, Казакстандын Ички иштер министрлиги каза болгондор тууралуу расмий маалымат таратты. Ага ылайык, кырсыктын кесепетинен 15 эмес 12 адам каза болуп, 48 адам жаракат алды.
Учакта 93 жүргүнчү жана 5 экипаж мүчөлөрү болгон.