"Голос" телешоусуна катышып жаткан кыргыз ырчысы Нуржигит Субанкулов финалга өтпөй калды

Орусиянын Биринчи каналында көрсөтүлүп жаткан "Голос 8" телешоусуна катышып жаткан кыргыз ырчысы Нуржигит Субанкулов финалга өтпөй калды.

Нуржигит Субанкулов атаандашы Аскер Бербеков экөө орусиялык ырчы Пелагея менен "Конь" чыгармасын өздөрүнүн тилинде аткарышты. Добуш берүүдө эки ырчынын устаты Константин Меладзе добушунун 40 пайызын Субанкуловго, 60 пайызын Бербековго берди. Ал эми көрүүчүлөрдүн добушун кошкондо Нуржигит Субанкулов аз добуш алып калды. Мындан улам Субанкулов финалга өтпөй калды.

Нуржигит Субанкулов Валерий Сюткиндин командасына алынган. Сюткин башка ырчыны тандап, Нуржигитти Константин Меладзе шоудон кетирбей, өз карамагына алып калган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Mamiev
2019-12-28 16:58:12
Негизи мэкендештерди катышпай эле койгула демекчимин. Орустар бизди биринчиге которбойт булар улутчул келишет. Дима Кайратты аракет кылды бирок биринчиликке жетпеди. Бизде таланттуулар таланты баалаган өлкөгө барып катышып келгиле
-2
Patoshik1
2019-12-28 20:50:25
Mamiev,унун болсо утасын да !!! Кайраттан откон кучтуулор бар болчу откон голосто!!! Бул Жолу даНуржигмттен откон катышуучулар бар!!!
+3
Makkambaev97
2019-12-28 17:04:20
Голосун болсо барда
+1
Muslim_KGstana.
2019-12-28 21:16:49
Нуржигит Аскерге караганда слабый болчу вокал жактан
+3
rysik79
2019-12-28 21:26:16
Нуржигит Бишкеке келип кафенде ырдай бер доске акырын которулосун. Азыркы биздин жылдыз чыкмалардын бааары тен эле кафеделе ырдашчу.. ошон учун смеело
-3
Agayu
2019-12-29 00:47:39
Өзү биз өтө кыска ойлонгон инсандардан экенбиз .Слепые прослушивание да Сюткин кнопка басып алып калды , андан кийин ал отказ берди жамандап жатып калышты Миладзе сактады шүгүр дейли канча менмин деген Орустардын өздөрү ыргыштыго .Баарын тең салмактуулукта карасак жакшы болмок туугандар Сраз эле ажылдабай .
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан