Бишкек Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунун директору Сабырбек Жумабеков 28-декабрда хирургдар тобу менен Алматы шаарында кулап, кырсыкка кабылган учактын кесепетинен жабыркаган жаранга операция жасады. Ал 27-декабрга караган түнү жабыркаган жарандарга жардам берүү максатында Алматы шаарына учкан.
Сабырбек Жумабеков кечээ, 28-декабрда түндө мекенине учуп келди. Ал эми бүгүн, 29-декабрда SUPER.KG порталы Сабырбек Жумабеков менен кырсыктан жабыркаган жаранга операция жасоо процесси тууралуу сүйлөштү. Анын айтымында, учак кырсыгынан жабыркаган жарандардын арасында операцияга муктаждары дагы деле бар. Аларды учурда операцияга даярдоо иштери жүрүүдө.
- Сиз операция жасаган жаран денесинин кайсы жеринен жаракат алган экен?
- Операция эки саат жасалып, ийгиликтүү аяктады. Биз операция жасаган жаран 32 жаштагы жаш жигит экен. Анын кырсыктын кесепетинен эки омурткасы катуу жаракат алып, сынып кеткен. Операция жасалган жаранды эртеси күнү дагы барып көрдүм. Учурда анын абалы жакшы.
- Казакстанга жеке демилгеңиз менен бардыңызбы?
- Бул күтүүсүз болуп кеткен окуя. 27-декабрь күнү Казакстанда жабыр тарткандардын ата-энеси жана жеке менчик бейтапканын чакыруусу менен жаныма негизги делген үч киши менен ал жакка барганбыз. Бул жерде эч кандай саясат жок. Мен дарыгер катары өз ишимди аткарууга милдетүүмүн. Анткени бул иште биз өзүбүздүн астыбызда жана Кудайдын астында ант бергенбиз.
Кырсык болуп кетсе адамдардын ден соолугуна кайдыгер карабашыбыз керек. Коңшу өлкө эле эмес, дүйнөнүн кайсы бурчу болбосун жардам берүүгө даярбыз. Негизи бир адамдын өмүрүн сактап калуу - бул бүт ааламды сактап калганга барабар. Ошондуктан биздин милдетибиз адамдарга жардам берүү жана алардын ден соолугуна камкордук кылуу болуп эсептелинет.
- Жабыркаган адамдардын арасында операцияга муктаждар дагы деле болсо керек...
- Ооба, ал жердеги жабыркагандардын көбү учурда операцияга муктаж. Анткени ооруканаларда денесинен ар кандай жаракаттарды алган бейтаптар жатат. Мындан улам аларды пландуу операцияга даярдоо иштери кызуу жүрүүдө. Жабыркагандарды дароо эле операция жасоого болбойт. Бүгүнкү күндө дагы мага ал жактагы ооруканалардын жетекчилери тарабынан көп чалуулар болуп жатат. Алар бейтаптарга операция жасап берүүнү суранышууда. Операцияга бейтаптар даяр болгондо, буюруса дагы барып жасап келебиз. Ал нерседен баш тартпайбыз, бул биздин милдет катары эсептелинет.