Германиянын "Бавария" клубу кыргыз күйөрмандарына ыраазычылык билдирди. Аталган клуб расмий социалдык баракчаларында "Рахмат" деп сүрөт жарыялады.
"Биз менен 2019-жылда чогуу болгонуңуздар үчүн ыраазычылык билдиребиз. Жаңы 2020-жылда биз менен болсоңуз кубаныч тартуулайт", - деп жазган.