Бийчи, хореограф Наргиза Момунтаева "девичник" өткөрдү. Турмуш жолуна аттанган Наргиза айымдын заманбап үлпөт тою 4-январда Чолпон-Ата шаарында болот. Бул тууралуу аны куттуктап байланышканыбызда белгилүү болду.
"Жолдошум менен туулган күнүмдө таанышканбыз. Анын жүрөгү таза, адамгерчиликтүү, ыймандуу. Ушул сапаттары менен менин жүрөгүмдү багындырды. Жакында эле баш коштук. Үлпөт тоюбуз 4-январга белгиленген. Ал эми "девичникти" курбу кыздарымдын сунушу боюнча өткөрдүм. Кыздардын кечеси аябай сонун өттү десем болот. Курбуларым үй-бүлөлүү болгондуктан мага ар кандай кеңештерди айтышты", - дейт ал.