Бир күн ичинде өлкө аймагында 8 өрт кырсыгы катталды

Бир күн ичинде өлкө аймагында 8 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.

“Бишкек шаарындагы Ак-Өргө конушунун Ашар көчөсүндө Мерседес-Бенц-Спринтер үлгүсүндөгү унаанын кыймылдаткычынан өрт чыгып, ага улай турак үйдүн терезеси күйгөн. Мындан тышкары, Ысык-Көл облусунун Качыбек айылындагы сарайдын 128 чарчы метр чатыры жана 350 түк чөп күйгөн. Ал эми Кара-Суу районунун Каарман айылынын Бекмурза көчөсүндө сарайдын 65 чарчы метр чатыры күйүп кеткен", - деп айтылат маалыматта.

Өрттүн себептери такталууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан