Ата-энеси изделет. Ошто 2 жаштагы наристени түнү көчөгө таштап кетишти

Ош шаарында болжолдуу жашы 2де болгон наристени көчөгө таштап кетишкен. Бул тууралуу Ош ШИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, наристе 29-декабрь түнкү саат 01:30 чамасында табылган.

"Ошол түнү милиция кызматкерлерине "Тез жардам" кызматынан кебетеси европалык болгон 2 же 3 жаштагы кызды шаардагы көчөлөрдүн бирине белгисиз адамдар таштап кетишкени кабарланган. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган. Учурда милиция кызматкерлери кыздын ата-энесин издеп жатышат. Ал эми наристе шаардагы реабилитациялык борбордо багылууда", - деп билдирди басма сөз кызматынан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
nematovich.90
2020-01-03 13:28:52
Кыздын суротун дагы киргизип койсонор тааныгандар айтат
+15
KAYRATBEK
2020-01-04 01:24:25
Мал, кой, эшек, ит, тоок оз балдарын эч качан таштабайт. Адамчы адам. Бизден айбандарда уяла турган мезгилге келип калдык.
+4
Mister-X
2020-01-04 02:47:18
Европалык тусполдо болсо, орус улутунда болгон экен да.
+3
Musafir
2020-01-04 03:46:32
Байкуш наристе!
+1
Shaa-82
2020-01-04 12:27:25
28и куну да кочодон бироону алып келишип аптекада отуруп турсун деп таштап кетишкен экен,кийин келип атасы озбек экен алып кетти дешип аткан. Ошол эмес бекен? Байкуш отуруп алып уктап атыптыр столдо.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан