Баткен шаарында аялын өлтүрө сабоого шектелип күйөөсү кармалды. Бул тууралуу Баткен ОИИББинен билдиришти.
"2020-жылдын 4-январга караган түнү саат 01:00 чамасында Баткен облустук ооруканасынын "Тез жардам" бөлүмүнүн кызматкерлери Баткен шаарынын 1993-жылы туулган А.Н. аттуу тургундун жансыз денесин оорукананын жандандыруу бөлүмүнө жеткиришкенин кабарлашкан. Ыкчам тергөө тобу облустук ооруканага барып, маркумдун жансыз денесине кароо жүргүзүшкөн. Текшерүү учурунда маркумдун колу-бутунда күйүктөн улам, этинин териси шылынган жаракат бар экени аныкталган.
Текшерүү иштеринин жүрүшүндө, 3-январь күнү саат 18:30да Баткен шаарынын Базар-Башы кварталынын 1989-жылы туулган С.Ш. аттуу тургуну менен 7 жылдан бери чогуу жашаган аялынын ортосунда чыр чыгып, чырдын кесепетинен келин каза болгону аныкталган.
Аталган факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 130-берене (киши өлтүрүү) менен каттоого алынып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган. Маркумдун жолдошу кылмышка тиешеси бар экени аныкталып, шектүү катары кармалды. Жубайлардын ортосунда 3 баласы болгон", - деп билдиришти тиешелүү бөлүмдөн.