Ош облусунун Араван районунда 15 жаштагы кызды өз атасы бир жылдан ашуун убакыттан бери зордуктап жүргөн деп шектелүүдө. Маалыматты Ош ОИИБинин басма сөз кызматынан тастыктап, буларды билдирди.
"Бул факты өткөн жылдын 11-декабрында Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Шектүү ата кармалып, учурда камакта. Азыркы тапта тергөө бүтүп, бардык тийиштүү материалдар Араван райондук сотуна жөнөтүлгөн", - деди басма сөз кызматынан.
Ал эми жабырлануучу кыз 15 жашта. Анын апасы мындан 4 жыл мурун каза болуп калган. Кыз атасы жана туугандары менен жашап келген. Кыз учурда реабилитациялык борбордо болуп, психологдор аны менен иштеп жатышканын да кошумчалады облустук милициядан.