Кыргыз-Өзбек чек ара аймагында Кыргыз жарандары менен Өзбекстандын чек арачыларынын ортосунда чыр-чатак орун алды

Бүгүн, 6-январда Кыргыз-Өзбек чек ара аймагында Кыргыз жарандары менен Өзбекстандын чек арачыларынын ортосунда чыр-чатак орун алды. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун Көк-Таш айыл аймагына караштуу Ак-Курча жерлигинде Кыргыз жарандарына тиешелүү болгон майда мал-жандыктары жайылып жүргөн жеринен Өзбекстандын аймагына өтүп кетишкен. "Кыргыз жарандары мал-жандыктарын издеп жүрүп, мамлекеттик чек аранын такталбаган аймагына кирип кетишкен. Ал жерде Өзбекстандын чек арачыларын кезиктиришип, оозеки кайым-айтышуу орун алган. Алдын ала алынган маалыматтарга караганда, кайым айтышуунун натыйжасында Кыргыз жарандары өзбек чек арачылары менен мушташа кетишкен. Өзбекстандын аскер кызматкерлери асманга эскертүү катары ок атышкан. Ок чыгаруунун натыйжасында жаракат алгандар жок.
Азыркы учурда Кыргыз мамлекети менен Өзбекстандын чек ара өкүлдөрүнүн жолугушуусу болуп жатат", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
murat17
2020-01-06 20:26:03
унчукпасак [moderated] эмес тажик жапайылар дагы тиш кайрап жатпайбы жатып олгончо атып ол дейт
+8
Alimbek1000
2020-01-06 20:56:50
Мадумаров жер саткычбы же эл саткычбы?
Кыргызстанда бир гана акылдуу адам бар башкасы баары көк мээ, сабатсыз бир гана акылдуу ал менмин деген бир киши бар анын аты жөнү Адахан Мадумаров. Ал киши дайым бизнеси жок экенин иши жок экенин айтып сайрап келет. Бирок астындагы 2 акыркы үлгүдөгү кара Жип машинасы, Жер жайнаган соцсеттеги троллдору, ал троллдорго берип жаткан айлык маянасы каяктан келип жатат Мадумаров мырзага? Же ал мырзанын акча чыгарган заводу барбы?
-3
murat17
2020-01-06 21:24:33
Alimbek1000,туура айтасын кекилике окшоп сайраган Мадумаровдун колунан эч нерсе келбейт
-6
BarsBaatyr
2020-01-07 00:24:20
Alimbek1000,
Кыргызстанда бир гана акылдуу адам бар башкасы баары көк мээ, сабатсыз бир гана акылдуу ал менмин деген бир киши бар анын аты жөнү Адахан Мадумаров.
Ошол көк мээлердин сап башында Alimbek1000 менен altyn-kumush деген троллдор турат.
+5
altyn-kumush
2020-01-06 21:20:59
Чек ара маселеси тез арада чечиле турган маселе эмес. Ал көптөгөн сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында чечилет. Чек араны бир күндө коррупцияны жарым саатта чечип койом деген өзүн чечен санаган Мадумаровдун эмне кылганын баарыбыз эле жакшы билебиз. Чек ара чечүү жолун ал такталбаган аймакты кошуна мамлекетке берүү деп билет. каркыраны берип жиберген сыяктуу.
-7
bratanyn
2020-01-06 21:23:22
Өзбекистандын солдаттары биздин аймака кирип келип 500 койду айдап кетип жатканда.... деп жаз Супер!
+8
Kyrgyz_bloger
2020-01-07 00:01:45
Кошоматчылар силер коммент.жазганынарга акча алсанар эле башкаларды да ошондой ойлойсунарбы.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан