Бишкектин көпчүлүк аймактарында абанын булганышы нормадан жогору

Бүгүн, 6-январь саат 21:20га карата Бишкекте абанын булганышы нормадан жогору. Мындай маалыматты "МувГрин" жаштар кыймылынын интернет баракчасынан көрүүгө болот.

Ага ылайык, Бишкектин бир нече жерине абанын булганышын ченөөчү приборлор орнотулган. Приборлордогу маалыматтарды "Эйрказ.орг" сайтынан онлайн түрүндө көрүп турууга мүмкүн.

Бейшеналиева-Токтогул көчөлөрүнүн кесилишинде учурдагы көрсөткүч - 179 микрограмм (сутка ичиндеги орточо көрсөткүч – 138). Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунда орточо эсеп менен куб метрге 25 микрограмм болгон көрсөткүч норма катары саналат.

Чыгыш-5 кичи району – 145 микрограмм (сутка ичиндеги орточо көрсөткүч - 86).

7-кичи район - 98 микрограмм (сутка ичиндеги орточо көрсөткүч - 78).

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан