Орусияда таксистти кардарлары тоноп, унаасын айдап кетишти. Полицияга жабырландык деп Кыргыз жараны кайрылды

Орусиянын Санкт-Петербург шаарында таксистти төрт жүргүнчүсү тоноп, коркутуп, унаасын айдап кетишкен. Бул тууралуу Орусиянын маалымат каражаты жергиликтүү ички иштер башкармалыгынын маалыматына таянуу менен жазууда.

Маалыматка ылайык, окуя 5-январда болгон. Полицияга "Киа Рио" унаасынын ээси, 49 жаштагы Лутфилла Хакимов кайрылып, анын 27 жаштагы уулу такси кызматында иштеп жүргөндө тоноп кетишкенин айткан. Маалыматта полицияга кайрылган адам Кыргыз жараны экендиги жазылат.

Жабырланган таксист окуя түнү болгонун, анда төрт жүргүнчүнүн бири ага бычак такап коркутканын айтып берген. Дагы бир жүргүнчү моюнуна жип ороп, муунткан. Андан кийин таксисттин 2 миң рубль акчасын алып, төртөөлөп унаадан түртүп түшүргөн соң унаасын айдап кетишкен.

"Алар кебетеси азиялык болгон 25-30 жаштардагы кардарлар болчу", - деген таксист. Бул окуя боюнча уурулук беренеси менен кылмыш иши козголгондугу жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
aiba.8327
2020-01-07 10:48:31
Мм Озбек го литфило дейби ....
0
Eliza-Arapbaeva
2020-01-07 11:20:04
aiba.8327,эми кыргызбы озбекпи айырмасы эмне? Кыргызстандын жараны болуп жатпайбы?!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан