Чүйдүн Жайыл районунда Жаңы жыл күнү 47 жаштагы жаран коңшусун атып салды деп шектелип кармалды. Маалыматты облустук милициядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 1-январь күнү саат 03:00 чамасында Жайыл РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө чалуу болгон. Анда райондогу көчөлөрдүн биринде үй-бүлөлүк чыр чатак болуп жатканы кабарланган. Окуя болгон жерге ыкчам тергөө тобу барып, 47 жаштагы жаран өзүнүн коңшусун атып салганын аныкташкан.
"Ок жеген 46 жаштагы жаран ооруканага жетпей каза болгон. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Ал эми шектүү кармалып, учурда убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Тергөө жүрүүдө", - деп жазылат билдирүүдө.