Өткөн аптада Нарын облусунун Кочкор районунда 37 жаштагы келиндин жансыз денеси өз үйүндө табылган. Анда 2020-жылдын 1-январь түнү болжол менен саат 00:40 чамасында Кочкор РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө "Тез жардам" бөлүмүнүн фельдшеринен кабар келип түшкөн. Билдирүүдө Жаңы-Жол айылынын 1983-жылы туулган С.Ж. аттуу келинди үйүнө көрөлү деп барганда, келин каза болуп калгандыгы айтылган.
Бул окуя боюнча үй-бүлөнүн айылдаштарына байланышканыбызда, аты-жөнүн атагысы келбеген маркумдун айылдашы төмөндөгүлөрдү айтып берди.
"Маркум 1983-жылы туулган. Жолдошу андан бир жашка улуу. Келиндин мурунку никесинен 1 уул, 1 кызы бар болчу. Азыркы жолдошу экөөнүн дагы 1 кызы жана 1 эркек баласы бар. Кырсык болордон 2-3 ай мурун маркумдун жолдошу кант диабетине кабылганын билип, намаз окуп жүргөнүн укканбыз. Жаңы жылга жакын спирт ичимдигин ичип алган экен.
1-январь түнү маркум менен жолдошунун ортосунда жетпеген турмуш, акчанын тартыштыгынын айынан уруш чыккан экен. Ошондо жолдошу мастыгы менен моюнуна аркан илип, жубайын өлөм деп коркутуптур. Келин ал нерсеге жол бербептир. Күйөөсү кызуу кандуулук менен "өлгөнгө мүмкүнчүлүк бербейсиң" деп аялын үбөлүк менен башка чапкан экен. Келин ошол эле жерден мерт кеткенин кийин дарыгерлер аныкташкан. Күйөөсү каза болуп калган аялынын кан болгон кийимдерин чечип, келинди жуунтуп коюп, кошуналарын чакырган. Кийин милиция кызматкерлери келгенде, үйдөн арак жана келиндин кан болгон кийимдери табылган. Ал эми балдары ошол маалда келиндин төркүнүндө болгон. Ага чейин келин күйөөсү арак ичип алганына нааразы болуп, балдарын ээрчитип төркүнүнө кетип калыптыр. Бирок ошол каргаша болгон түнү келинди жолдошу чогуу конокко барып келели деп чакырып алыптыр.Үйгө келгенде жубайлар ортосунда акча тууралуу уруш чыгып, бул окуя катталып жатат. Келин таттуу токочторду жасоочу жайда иштечү. Ал эми жолдошу ар кимдин жумушун жасап берип жүргөн, иштерман эле бала болчу", - деди айылдашы.
Учурда келиндин күйөөсү камакта. Тергөө жүрүп жатат.