Бишкекте эл ташыган маршруттук унаа даракты сүзүп, 3 адам жабыркады

Бишкекте №243 багытындагы маршруттук унаа кырсыкка кабылып, 3 адам жабыркады. Республикалык Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыктын маалымат кызматынан билдиргендей, окуя кечээ, 8-январда болгон.

"Саат 16:15 чамасында Байтик Баатыр көчөсү менен түштүктү карай бара жаткан Мерседес-Бенц Спринтер унаасынын айдоочусу рулга ээ боло албай, жолдун четиндеги тосмону, андан ары даракты сүзгөн. Рулду 37 жаштагы С.Т. башкарып бара жаткан. Кырсыктын кесепетинен 3 адам жаракат алды.

Айдоочу №243 маршруттук багыты боюнча Бишкек шаарында жүргүнчү ташып эмгектенет", - деп билдирди басма сөз кызматынан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан