Караколдо жубайлар ортосунда чыр чыгып, күйөөсү аялына бензин чачып, өрт коюп жиберген

Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында жарандык никедеги жолдошу жубайына бензин чачып, өрт коюп жиберген. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 4-январь күнү болжол менен саат 16:20 чамасында Каракол ШИИБинин нөөмөт бөлүмүнө Торгоев көчөсүндө жайгашкан эс алуу жайларынын биринин жанынан күйөөсү келинчегине бензин чачып, өрт коюп жибергендиги тууралуу маалымат түшкөн.

"Ыкчам тергөө тобу окуя болгон жерге барып, териштирүү жүргүзгөн. Анда Жети-Өгүз районунун Богатыровка айылынын 33 жаштагы тургуну Б.С. 35 жаштагы жарандык никедеги жолдошу Ч.Н. менен уруша кеткен. Анда күйөөсү аялынын бетине бензин чачып, күйгүзүп жибергенден кийин окуя болгон жерден качып кеткен. Келин алган жаракатынан улам, Ысык-Көл облустук бириккен ооруканасынын сыныктар бөлүмүнө жаткырылган. Аталган факт Каракол ШИИБинде Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Ал эми келиндин денесинен алган жаракаттарын аныктоо үчүн соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Көрүлгөн тергөө-ыкчам иштеринин натыйжасында, аталган кылмышка шектүү Ч.Н. милиция кызматкерлери тарабынан колго түшүрүлүп, Каракол шаардык сотунун чечими менен 2 айга камакка алынды. Азыркы учурда тергөө иштери уланууда", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.

Аялына бензин чачып өрт коюп жибергенге шектүү адам кармалды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (13)
Dembele84
2020-01-09 14:00:39
Норма
-8
talaa11
2020-01-09 15:33:47
Адамдар эмнеле болуп баратабыз тообо эркектер бирааз сабырдуу болсок жакшы болот эле сразуле аял кишиге кол которбой. ((Анан дагы бирдеме болсоле Оштуктар дегенибиз ашыкча))
+5
Migrant-rf
2020-01-09 17:20:54
talaa11, Эми кайра-кайра эле Оштуктар деп жаза бербегилечи, антип айтса бир маңкурт, элини бөлүп жарган саткын айттыда, анын деле оозу жабылды уже. Баары эле айткан жокко.
+2
katerina.li
2020-01-09 18:52:46
talaa11,озун баштап жатасын го оштук моштук деп
-1
JaneEr
2020-01-09 15:35:09
Кыргыздын эркекетери чекеден эшек боло баштады.
+4
Migrant-rf
2020-01-09 17:18:12
JaneEr, Антип катуу кетпе чекеден деп, сенде деле бар ошондой эркектер, же аларда эшекке айландыбы же?))))
-3
JaneEr
2020-01-09 18:28:25
Migrant-rf,менде жок.Болгон убагында зорго кутулгам.
+1
Migrant-rf
2020-01-09 18:46:56
JaneEr, Атаң, байкең, иниң, уулуң жокпу? Мен бир эле күйөөңдү айтып жаткан жокмун
-3
JaneEr
2020-01-09 21:01:49
Migrant-rf,Жок.Ошого ишенген адамын жок деп кордочу.Алсыз аялдарга эле кучу жетет биздикилердин.
-1
Migrant-rf
2020-01-09 21:07:47
JaneEr, Анда көчөдө калган томолой жетимсиңби?
0
JaneEr
2020-01-09 21:30:05
Migrant-rf,Кочодо калбадым,квартирам бар.
-1
Migrant-rf
2020-01-09 17:16:47
"Милиция эч нерсе кыла албайбыз" дептир, анда бул сабатсыз милициянын эмне кереги бар? Же сөзсүз зөөкүр күйөөсү аялын өрттөп, уруп, токмоктоп, же өлтүрүп койгондон кийин аракет кылышабы? Ушундай абал болуп кетпеши үчүн алдын алып зөөкүрлөрдү кармап, коркутпайбы, күнөөсүздөргө мойнуна күнөө алдырып жатканда кандай кыйнаса алардыда ошондой кыйнап.
0
NURSAPAR
2020-01-09 18:14:17
Тообааа. ..
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан