Жалал-Абад ОИИБи: "Ала-Бука районундагы чек ара чырында эч кимге ок тийген эмес"

Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районундагы 6-январдагы чек ара чырында эч кимдин колуна ок тийбегендиги белгилүү болду. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 6-январь күнү Ала-Бука районунун Көк-Таш айыл аймагынын Чоң-Сай айылындагы чек арадан чыр чыккан. Бул боюнча Ала-Бука РИИБинде орун алган окуя боюнча текшерүү иштери жүргүзүлүүдө. Анын алкагында жергиликтүү милиция кызматкерлери жашоочулардан түшүнүк кат алышты. Ошондой эле чек арада мыйзам бузулса, анын жыйынтыгы кандай болору жөнүндө эл арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.

"Айрым жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу Ала-Бука районунун Көк-Таш айылынын 1992-жылы туулган тургуну Сайдакмат уулу Сабырбек чек арадагы окуядан колуна ок тийди деген маалымат жарыяланган. Алдын ала жүргүзүлгөн текшерүү иштеринде эч кимге ок тийбегендиги белгилүү болду жана аймактагы ооруканаларга октон жабыркаган эч ким кайрылган эмес. Бирок ага карабастан Ала-Бука РИИБинин тергөө кызматы тарабынан Сайдакмат уулу Сабырбектин ден соолугун медициналык кароодон өткөрүү токтому берилип, анын натыйжасында эч кандай жараат албагандыгы белгилүү болду", - деп билдирет басма сөз кызматынан.

Окуянын чоо-жайы:

6-январда Кыргыз-Өзбек чек ара аймагында Кыргыз жарандары менен Өзбекстандын чек арачыларынын ортосунда чыр-чатак орун алган. Анда Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун Көк-Таш айыл аймагына караштуу Ак-Курча жергесинде Кыргыз жарандарына тиешелүү болгон майда мал-жандыктар жайылып жүргөн жеринен Өзбекстандын аймагына өтүп кеткенин Мамлекеттик чек ара кызматы билдирген. Эки тараптуу сүйлөшүүлөрдөн кийин мал-жандыктар Кыргыз жарандарына өткөрүлүп берилген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
chake
2020-01-10 12:55:03
Биздин жалган маалымат тараткан журналистерге да айла жок экенго
+1
Absamat-90
2020-01-10 13:05:13
chake,туура айтасын анан элежурналисттер куноосун моюндабай чыгышат.
0
bekmaral
2020-01-10 14:49:18
Ошол жерди Озбекстандыкы десе анда мамлекеттик чек ара кызматын да ага кошулган чондорунда сатылган турбайбы кайран мурдунаа бок суйколгон кыргыз элим коргондон коро элегин коп экен.Белинди бекем бууп озундун саткын балдарына чыда деп Садырбаев аксакал айтып отуп кетти эле.Ошол чын.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан