Бишкек шаарынын түштүк жагында Кыргыз-Азербайжандын "Достук" паркы курулат. Бул боюнча макулдашуу 2018-жылы Чолпон-Ата шаарында, 2019-жылы Баку шаарында болуп өткөн Түрк саммитинин алкагында эки мамлекет башчыларынын сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгында жетишилген.
Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 10-январда паркты курууга капсула салуу аземинде айтканын президенттик аппараттын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Азербайжан тарап Бишкек шаарынын Көк-Жар конушунда орто мектеп куруу ниетинде. Мамлекет башчы бул иш-чаралар буга чейин жетишилген макулдашуулардын алкагында ишке ашырылып, эки өлкөнүн ортосундагы достуктун жана кызматташтыктын жогорку деңгээлинин далили экенин белгиледи.
Парк Азербайжан президенти Ильхам Алиевдин 2020-жылы Кыргыз мамлекетине боло турчу расмий визитинин алкагында ачылары белгиленди.