Бишкекте алдамчылыкка шектелип, эки жаран кармалды. Бул тууралуу Биринчи Май РИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 2019-жылдын 23-октябрында эки жигит Хонда Фит унаасын ижарага алышкан. Бирок анын ээсине кайтарып бербестен аны 3 жарым миң долларга сатып жиберишкен.
Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Ал эми шектүүлөрдү издөө иштери жүргүзүлүп, жыйынтыгында 25 жаштагы Э.Н. жана 22 жаштагы Т.М. аттуу жарандар кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Учурда териштирүү иштери жүрүүдө. Шектүүлөрдүн ушул сыяктуу кылмыштарга катыштыгы бар же жогу териштирилип жатат. Эгерде шектүүлөрдөн жабыркагандар болсо, милиция кызматкерлери төмөнкү номерлерге чалып коюуну өтүнөт.
Байланыш телефону: 0312 56-32-48, 0550 10-23-60.