Бишкекте кеңсеге кирип, телефон жана башка буюмдарды уурдаган жаран кармалды

Бишкекте жайгашкан кеңселердин бирине кирип, телефон жана башка буюмдарды уурдаган жаран кармалды. Бул тууралуу патрулдук милициянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 11-январь күнү Бишкек шаарынын тургуну Б.С. арыз менен кайрылган. Арызда 11-январь күнү белгисиз адамдар Токтогул көчөсүндө жайгашкан кеңселердин бирине кирип, арыз ээсине таандык буюмдарды жана уюлдук телефонун уурдап кетишкени жазылган.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, ыкчам иликтөө тобу кылмышка шектүүнүн изин суутпай кармашкан. Ал 37 жаштагы М.А. аттуу жаран болгон. Ал Бишкек ШИИББинин убактылуу кармоочу жайына киргизилип, сотко чейинки териштирүү иштери башталды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан