Кыргыз балбаны Айсулуу Тыныбекова Түркиянын Стамбул шаарында күрөш боюнча өткөн эл аралык мелдеште алтын медаль утту. Бул тууралуу спортчу өзүнүн Инстаграм баракчасына жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, турнир 10-12 январь күндөрү болуп өттү.
Анда Тыныбекова 62 килограмм салмак ченинде азербайжандык балбан менен күч сынашкан. Айсулуу Тыныбекова биринчи бөлүктү 5:0 эсеби менен жыйынтыктап, экинчи бөлүктүн биринчи мүнөтүндө атаандашын утуп алган.
Ошондой эле мелдеште дагы бир алтын медалды балбан Назира Марсбек кызы алса, Айпери Медет кызы 3-орунга ээ болгон.