Япон миллиардери Юсаку Маэдзава Айга саякат жасоо үчүн жанына өмүрлүк жар издеп жатат. Дал ушул максатта ал сынак жарыялаган. Бул тууралуу ал Twitter баракчасына жазып чыкты.
Анда жазылгандай, сынак кечээ, 12-январда жарыяланган. Сынактын бир канча талаптары бар. Алар: Айга бара турган айым өзүнүн жеке көз карашы бар, 20 жаштан улуу, бойдок жана шайыр болушу шарт. Маэдзава өзүнүн бул долбоорун "олуттуу мамиле куруу" деп атаган.
"Маэдзава менен бирге адамдардын жана коомчулуктун пайдасы үчүн жакшылык кылуу ишмердүүлүгүнө салым кошууга даяр айымдарга сынак жарыяланат" деп жазылган билдирүүдө. Мындан сырткары, айымдар Айга учуудагы даярдыктарга макул болушу керектиги баса белгиленген. Сынак 17-январга чейин уланаары айтылат.
Белгилей кетүүчү жагдай, Маэдзава Илон Масктын "SpaceX" долбоорунун катышуучусу. Аны Айга дүйнөдөгү эң кубаттуу "Big Falcon Rocket" транспорттук системи алып барат. Айга учуу 2023-жылы ишке ашары айтылууда.
44 жаштагы Юсаку Маэдзава япониялык миллиардер-ишкер. "Forbes" журналынын 2017-жылдагы маалыматы боюнча, Япониядагы эң бай адамдардын 14-сабында турат. Байлыгы 3 миллиард доллардын тегерегинде. Ошондой эле, ал өлкөсүндө кыз жандуулугу менен таанымал. Көбүнчө жаш актрисалар менен мамиле курат жана ал мамиле эки жылдан ашык убакытка созулбайт. Буга чейин үйлөнгөн эмес, бирок түрдүү аялдардан 3 баласы бар.