Таласта жарадар болуп, Бишкекке алып келинген ак илбирстин абалы жакшы. Ага Жаабарс деген ат берилди. Бул тууралуу бүгүн, 13-январда өткөн маалымат жыйында айтылды. Анда жарадар болгон ак илбирстин бүгүнкү күндөгү абалы жана ал ким тарабынан табылып, кандай шартта борборго алып келингендиги тууралуу кенен маалымат берилди.
Өкмөткө караштуу экологиялык жана техникалык коопсуздук инспекциясынын Талас аймактар аралык башкармалыгынын башчысынын милдетин аткаруучу Дуулат Бердалиев ак илбирсти биринчилерден болуп Талас районунун Көк-Ой айылынын тургуну Куттубек Эркебаев тапканын айтат.
"Жарадар болгон илбирс тууралуу маалымат бизге саат 16:20да түшкөн. Анда токойдун 36-контурундагы талдын башында ак илбирс илинип турганы айтылган. Маалымат түшөрү менен биздин эколог инспектор аны көрүүгө барган, биз барганча эл да чогулуп калыптыр. Биз башка мамлекеттик органдарга кабар билдирдик. Андан соң теректин башынан илбирсти түшүрүү аракеттерин жасадык. Бир сааттан кийин илбирс өзү түштү. Теректин башында отурганда эле илбирстин жарадар экенин билдик. Анткени жерде кандын тамган тактары көп экен. Илбирс түшкөндөн кийин көзүнөн кан агып турган экен. Аны тургундар менен биргеликте кармадык. Биотүрдүүлүктү жана айлана-чөйрөнү коргоо биримдигинин кызматкерлери келгенче, Таластагы Көк-Кашат айылындагы салбуурунга катышып жүргөн Бекен деген байкенин үйүнө алып келип, капаска киргиздик", - деди Бердалиев.
Ал эми биотүрдүүлүктү жана айлана-чөйрөнү коргоо биримдигинин ветеринары Бакыт Ажыбеков ак илбирстин бүгүнкү күндөгү абалы тууралуу айтып берди. "Алгач илбирстин эмнеден жарадар болгонун билген жокпуз. Бишкекке алып келгенден кийин рентгенге тартуу тууралуу чечим кабыл алдык. Илбирсти Кыргыз улуттук агрардык университетине быйыл алып келинген заманбап рентгенге тарттык. Тартканда эле 60тан ашык октун бытырасы бар экени аныкталды. Ошол эле күнү бир сааттан кийин операция жасадык. Операция жакшы өтүп, 18 бытыра алынды. Тилекке каршы, бир көзү соолуп калыптыр. Ал көзүнө эки ок киргендиктен, ушундай абалга тушугуптур. Экинчи көзү дагы жакшы көрбөй турат, бирок бүгүнкү күндөгү абалы жакшы. Учурда көзөмөлдө каралып жатат. Илбирске Жаабарс деген ат койдук. Жаабарс көп убакытка дейре реабилитациядан өтүүсү керек", - деди ал.