Бүгүн, 13-январда Таластан жарадар болуп алып келинген ак илбирске дагы бир операция жасалышы мүмкүн экендиги айтылды. Бул тууралуу "Бугу-Эне" коомдук фондунун президенти Салтанат Сеитова билдирди.
"Көзүнө ок тийген илбирстин буга чейин деле көзүндө көйгөй болгондугу аныкталды. Ал эми жаракат алгандан кийин ал контузияга чалдыккан. Учурда абалы туруктуу, бирок баары бир бардык прогноздорду абайлап берип жатабыз. Анткени илбирс оор жаракаттарды алган. Биз байкоо жүргүзүп, динамикасын көрөбүз. Дагы бир операция жасалышы мүмкүн. Учурда жаныбар жылуу жерде кармалып турат" , - деди ал.
Мындан тышкары, маалымат жыйыны учурунда сүрөтчү Влад Ушаков ак илбирсти коргоо боюнча секретариат өз ишин жакшы аткарбай жатканын айтты: "Кыргыз өлкөсүндө ак илбирсти сактоо, коргоо боюнча оңдуу деле иш жасалбайт. Броконьерлер менен күрөшүп жатканы менен ал нерсе токтобой келет. Көчмөндөр оюнунда деле илбирстин терилери болду. Алар сатылып жатты. Жарандык коом илбирстин азыктануу базасын сактоо боюнча мараторий киргизүүнү демилгелеп жатканда ак илбирсти сактоо боюнча секретариат тууралуу уккан дагы жокпуз. Илбирстин саны боюнча дагы 350-500 деп ойдон чыгарып жатасыңар. Бул боюнча эч ким илимий санак жүргүзгөн эмес. Бул айтылып жаткан сандар жөн гана сандар. Силер илбирстердин саны 350 болуп кайра бир жылдан кийин 500 болуп калганын кайдан билесиңер. Фотокапкандар аркылуу илбирстин саны кантип аныкталат?" - деди Ушаков
Буга карата Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин биотүрдүүлүктү жана өзгөчө коргоодогу жаратылыш аймактарын сактоо департаментинин директорунун орун басары Кумар Мамбеталиев төмөндөгүдөй жооп берди.
“Чындыгында көйгөй бар. Биз бул нерсени жаап-жашырган учурубуз жок. Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө караштуу курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик агенттиги тарабынан этаптуу, пландуу иш-чаралар уюштурулуп, жүргүзүлүп келет. Көйгөй болсо, аны жашырбай массалык маалымат булактары аркылуу коомчулук менен талкуулап, ушул маселелерди чечүү үстүндө иштеп келебиз." , - деди ал.
Ал эми биология илимдеринин кандидаты Аскар Давлатбеков: "Жаныбарлардын санын аныктоо боюнча ар кандай ыкма бар. Сиз айтып жаткан фотокапкан көп маалыматтарды берет. Анын жардамы менен визуалдык жана биологиялык байкоо жүргүзүлөт. Ар бир илбирстин терисиндеги сүрөтү уникалдуу, бир илбирстин сүрөтү башка бир илбирстикине окшош болбойт" - деди ал.