Таласта жарадар болуп табылган ак илбирсти аткандар табыла элек. Бул тууралуу бүгүн, 13-январда Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары Элдияр Шерипов билдирди.
Анын айтымында, бул иш боюнча кылмыш иши ачылып, каттоого алынган.
“Ак илбирсти жакын жерден аткан деген божомол бар. Ага канча адам кол салганы азырынча белгисиз. Алар кармала элек. Аткандар кармалса мыйзам чегинде жооп берет”, - дейт Шерипов.
Жарадар болгон илбирс болжол менен 1-2 жашта экендиги кошумчаланды.