17-январга чейин өлкөнүн көпчүлүк облустарында мезгил-мезгили менен кар жаайт

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 17-январга чейинки аба ырайы тууралуу маалымат менен тааныштырат.

14-январда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен кар жаашы күтүлөт. Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Жолдор тайгак болот, кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

14-январда күндүз Чүй, Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас, Ош, Баткен, Нарын облустарынын айрым райондорунда кар жаашы күтүлөт.

15-январда мезгил-мезгили менен кар жаайт. Жолдор тайгак болуп, кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

16-17-январда туруксуз аба ырайы сакталып турат. Мезгил-мезгили менен кар жаашы күтүлөт. Абанын температурасы бир аз төмөндөйт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан