Айнура Айбалаева Улуттук банктын башкармасынын мүчөсү кызматына дайындалды. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, тийиштүү буйрукка президент Сооронбай Жээнбеков кол койду. Айбалаева Тимур Жусуповдун ордуна келди. Жусупов кызматтык ыйгарым укугунун мөөнөтү аяктаганына байланыштуу кызматынан бошотулду.
Айбалаева Москва мамлекеттик университетинин философия факультетин 1993-жылы аяктаган. Ал 2012-жылдан тартып 2015-жылдын январь айына чейин Кыргыз-Швейцариялык банкынын Директорлор кеңешинин мүчөсү болуп эмгектенген.