super.kg logo

Тарых музейи боюнча соттук отурум 21-январга жылдырылды

 

Бүгүн, 14-январда Биринчи Май райондук сотунда Кыргыз улуттук искусство музейин оңдоп-түзөө жана Чолпон-Атадагы ат майданды реконструкциялоо боюнча соттук отурум уланды.

Бүгүнкү соттук отурумга күбөлөрдүн келбей калгандыгына байланыштуу кийинки отурум 21-январь күнү саат 14:00гө жылдырылды.

Окуянын чоо-жайына кайрылсак:

Башкы прокуратуранын маалыматы боюнча, Тарых музейин оӊдоодо 101 миллион 600 миң сом, ат майданды оӊдоодо 145 миллион 900 миң сом зыян келтирилгени аныкталган. Бул эки кылмыш иши бир өндүрүшкө бириктирилип, алар боюнча курулушка тиешеси бар 6 аткаминерге айып тагылган. Алар:

  1. Премьер-министр Сапар Исаков;
  2. Президенттик аппараттын жарандык өнүгүү, диний жана этникалык саясат боюнча мурдагы бөлүм башчысы Мира Карыбаева;
  3. Мамлекеттик курулуштун башчысынын мурдагы орун басары Алмазбек Абдыкаров;
  4. Турак жай жарандык курулуш департаментинин мурдагы башчысы Шайбек Атамбеков;
  5. Шайбек Атамбековдун орун басары Улукбек Матисаков;
  6. "СМУ-3" курулуш компаниясынын негиздөөчүлөрүнүн бири Айдарбек Мендеев.

Сапар Исаков өз билдирүүсүндө Чолпон-Атадагы ат майданынын курулушун жана Тарых музейин реконструкциялоодо күнөөсү жок экенин айткан.



 
 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(5)
14.01.2020. 17:26 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
635
Катталган:
27-11-2018
Соӊку аракети:
28-02-2020 18:05
Жынысы:
Белгисиз
0
Сары баланын кылган иштерин эми көрүп жатабыз. Убагында "жестко" кылып коём деп жүрдү эле. Эми өзүн жестко кыла турган заман болду окшойт.
14.01.2020. 17:26 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
612
Катталган:
09-04-2019
Соӊку аракети:
28-02-2020 15:46
Жынысы:
Белгисиз
+2
Башкалар актанса да Сапар жөн койсо болмок. Анткени жасаган иштери оркоюп көрүнүп турат. 14 миң еврого алган жыгач аттары.
14.01.2020. 17:29 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
617
Катталган:
29-01-2019
Соӊку аракети:
28-02-2020 22:22
Жынысы:
Белгисиз
0
Сапар Исаков жанагы кычкачты 630 долларга алган өкмөт беле
14.01.2020. 17:34 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
352
Катталган:
05-08-2019
Соӊку аракети:
28-02-2020 14:53
Жынысы:
Белгисиз
0
Сапар 111 млн доллар кана?
15.01.2020. 00:32 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
122
Катталган:
20-07-2018
Соӊку аракети:
28-02-2020 12:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Alimbek1000,
Сооронбайдын чонтогунон издегиле.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
138115;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: