Өткөн жылдын декабрь айында Кыргыз өлкөсүнүн Малайзиядагы элчиси болуп дайындалган мурдагы башкы прокурор Азимбек Бекназаров азырынча кызматын аткарууга кете элек. Ал Кыргыз өлкөсүндө, учурда китеп жазуу менен алек болуп жатканын бүгүн, 16-январда маалымат жыйында билдирди.
"Мени интернет тармактарында да ар түрдүү жагдайда сындашат. Анын баарына жооп берүүгө убактым болбой жатат. Себеби азыр өлкөнүн өнүгүү жолдору, курултай, реформалар боюнча китеп жазып жатам. Буюрса, ал китеп 15 күндүн ичинде бүтүп калса ачылышы болот", - деди ал.
Журналисттер: "Китебиңиз 15 күндө бүтсө, элчилик кызматка качан киришесиз?" деп сурашты.
"Президент жарлыкка кол койду деп эле мен жарлыкты көтөрүп алып, Малайзияга жөнөй албайм да. Бул жерде даярдай турган документтер бар, жагдайлар бар. Буюрса, мен ал өлкөгө Кыргыз өлкөсүнүн кызыкчылыгы үчүн иштегени барам", - деди Бекназаров.