Кеминде 14 жаштагы кызды зордуктоо максатында күч менен ээн калган имаратка алып барып, каршылык көрсөткөндө сабап өлтүргөнгө шектелген жаранга сот чечим чыгарды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына каза болгон кыздын жакындары билдиришти.
Маалыматка ылайык, чечимди 2019-жылдын 27-декабрында Кемин райондук соту чыгарган.
"Чырактай кызымдын өлүмү үчүн 15 жыл берип койду. Биз нааразыбыз. Сот 15 жыл бергенин соттолуучу мурда оор кылмыштарды кылбаганы менен түшүндүрдү. Биз облустук сотко аппеляциялык арыз менен кайрылдык", - деди кыздын тууганы.
Окуянын чоо-жайы:
Кеминде 14 жаштагы кыздын жансыз денеси ээн калган имаратта табылган. Көп өтпөй кызды 20 жаштагы жаран зордуктоо максатында күч менен ээн калган имаратка алып барып, каршылык көрсөткөндө сабап өлтүрүп салганы аныкталган. Бул кылмышка шектүү катары милиция кызматкерлери тарабынан 20 жаштагы жаран кармалган. Ал мурда да бир нече жолу соттолгон Кашкелең айылынын тургуну К.А. болгон.