Баткен облусунун ички иштер башкармалыгында жыл жыйынтыгы чыгарылып, анда жумушун мыкты аткарган кызматкерлер менен эң жакшы иштеген райондор сыйланды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 16-январь күнү Баткен облусунун аймагында милиция кызматкерлеринин жер-жерлердеги аткарган иштеринин жыйынтыгын чыгарды. Ага ички иштер министринин орун басары Алмазбек Орозалиев, Баткен облусунун ыйгарым укуктуу өкүлү Акрам Мадумаров жана Баткен ОИИБинин жетекчиси Акылбек Мамасейитов катышты.
2019-жыл ичинде коомдук тартипти сактоодо, кылмыштуулук менен күрөшүүдөгү кесиптик чеберчилигин көрсөткөн кызматкерлерге Баткен ОИИБинин атайын дипломдору, тасмасы жана вымпелдери тапшырылды. 2019-жылдын мыкты ички иштер бөлүмү болуп Кадамжай РИИБи аталса, 2-орунга Баткен РИИБи, 3-орунга Лейлек РИИБи ээ болду.