Уюшкан топтун мүчөсүн үй камагына чыгарган судья кызматтан алынды

Президент Сооронбай Жээнбеков Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясы Айнура Сулайманованы ээлеген кызматынан бошотуу жөнүндө жарлыкка кол койду. Бул тууралуу Президенттик аппараттын басма сөз кызматынан билдиришти.

"Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 17-январда Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясынын Ош шаардык сотунда судьялык ыйгарым укуктарын аткарып жаткан жергиликтүү соттун судьясы Айнура Сулайманованы ээлеген кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотуу жөнүндө жарлыкка кол койду.

Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясы Айнура Сулаймановага карата сунуштамасы менен Президент Сооронбай Жээнбековго кайрылышкан. Судьяга каршы арызданууга анын баңгизатка байланышкан өзгөчө оор кылмыш менен айыпталган адамдын кылмыш ишин кароосунда, иштин жагдайларын толук изилдебей туруп, ага карата иштин материалдарында тиешелүү соттук экспертизасынын корутундусу жоктугуна карабастан, медициналык мүнөздөгү мажбурлоо чараларын колдонуу жөнүндө токтом чыгарганы негиз болгон.

Жыйынтыгында жогору турган сот инстанциясы чыгарылган соттук актыны жокко чыгарды. Ишти кайрадан кароонун натыйжасында соттун өкүмү менен айыпталуучу күнөөлүү деп табылып, 1100 эсеп көрсөткүчү өлчөмдөгү айыпка кириптер кылуу менен 10 жылга эркиндигинен ажыратуу жазасы берилген. Прокуратура Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясы судья Айнура Сулаймановага карата судьялык кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда бошотуу түрүндөгү тартиптик чарасын колдонуу чечимин чыгарган.

Эскерте кетсек, Айнура Сулайманова 8-январда уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү Умар Маратовду (Казак) үй камагына чыгарган. Анын мындай чечими коомчулукта чоң талкуу жараткан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
joolugushchuukundorbar
2020-01-17 14:58:03
Акчасын жеп алса эле болду да, буларга "п" да, ким жабыркап жатат, кызыкпайт дагы!
+7
Absamat-90
2020-01-17 21:30:26
joolugushchuukundorbar, негизи бошотуп туруп жоопко тарткан туура го. Болбосо биздикилер кол тийбестик деп чыгат.
+1
nazarKGZ
2020-01-17 15:14:49
Камаш керек эле да ошонун ордуна
+12
elchi84
2020-01-17 15:25:14
Жумуштан эле бошотуп коебу?Болдубу?
+13
Jaznura
2020-01-17 15:34:26
Айнура Сулайманова үчүн бул да чоң сокку болду. Эми башка соттор деле ойлонуп кала турган болду.
+6
Munir81
2020-01-17 15:49:52
Кылмыш жасап жатса камаш керек ал судьяны
+8
chake
2020-01-17 15:54:33
соттун өзүнүн кызын зорлуктаганда ошондо көрө элек президент туура чечим жасаптыр
+3
bond02
2020-01-17 15:58:08
Бизде уюшкан кылмыштуу топтун мучосуно жогору жактан бирдеме демейинче соттор оздору билип эч нерсе чече алышпайт, бул жерде бийлик очкого иштеп жатат, как будто судьяларды иштен алып жатабыз мыйзамды сактап жатабыз дегендей.
+6
Samatalibei
2020-01-17 16:59:02
Соттор козунорду чон ачкыла биронун тагдыры ,менее ойнобогула! Айнура Сулайманова эч жерге жумушка орношо албай туура эмес чечиминин азабын омур бойу тартса соонун болммок!
+6
kushu_bek
2020-01-17 19:06:53
Эмне бошотуп койсо эле болдубу?жаза жокпу башка
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан