Депутат Дамира Ниязалиева Бишкектеги карылар үйүнө өз эсебинен дары-дармек тапшырды
26-ноябрда ЖКнын депутаты Дамира Ниязалиева карылардын "Тилектеш күчтөрдүн биримдиги" коомдук бирикмесинин кайрылуусунун негизинде Бишкекте жашаган айрым улгайган жарандарга жана баш калаадагы карылар үйүнө өз эсебинен дары-дармектерди тапшырды. Мындай жардамга карылар үйүнүн жашоочулары, улгайган жарандар ыраазычылыктарын билдирсе, депутат аксакалдарга бекем ден соолук, узак өмүр тилеп, мындан ары да муктаждыктар болсо чечкенге аракет жасаарын убада кылды.