Токмок шаарында өспүрүм кыз 2019-жылдын март айында зордукталганын айтып, апасы милицияга кайрылды. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 13-январь күнү Токмок шаарынын ички иштер органдарына, жергиликтүү 45 жаштагы аял арыз менен кайрылган. Арызда кызын 2019-жылдын март айында 17 жаштагы окуучу Токмок шаарындагы эски имараттардын биринде зордуктаганын айткан. Ал бул окуя тууралуу бул жылдын 12-январында угуп, дароо ички иштер органдарына кайрылган.
"Бул окуя Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине "зордуктоо" беренеси менен катталган. Сотко чейинки жүргүзүлгөн өндүрүш иштеринин алкагында милиция кызматкерлери тарабынан жогорудагы баланын аты-жөнү такталып, ал ата-энеси менен милиция бөлүмүнө жеткирилген. Териштирүү учурунда шектүү ал кыз менен 2018-жылдын июнь айында таанышып, ошол эле жылдын декабрь айынан тарта алар кыз-жигит катары сүйлөшө башташканын айткан. Ал зордуктоо фактысын четке кагып, экөөнүн ортосундагы мамиле эки тараптын макулдугу менен болгонун айткан. Бул окуянын бардык жагдайларын аныктоо үчүн милиция кызматкерлери тарабынан ар тараптуу ыкчам тергөө амалдары жүргүзүлүүдө. Зарыл болгон бардык экспертизалар дайындалып, сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.